Бардык жаңылыктар

Опубликовано 19 ноября 2026, 16:09

Оптима Банкта Ria Money Transfer акча которуулары

Урматтуу кардарлар!

Сиздин жакындарыңыз же өнөктөштөрүңүз Европа өлкөлөрүндө, АКШда же БАЭдеби? «Оптима Банк» ААКтын Кыргызстан боюнча бардык бөлүмдөрүндө эл аралык Ria Money Transfer тез акча которуу тутуму иштеп жаткандыгын эскертебиз.

Оптима Банктагы Ria тутумунун артыкчылыктары:

  • Эл аралык багыттар: акча которууларды АКШ долларында (USD) жана евродо (EUR) түз жөнөтүү;

  • Алуудагы ыңгайлуу шарттар: каражаттарды конвертациясыз баштапкы валютасында же Банктын пайдалуу курсу боюнча сом менен алуу;

  • Ыкчам тейлөө: кассадан накталай акчаны дароо алуу;

  • Жеткиликтүүлүк: бүткүл республика боюнча Банктын бөлүмдөрүнүн кеңири тармагы.

Которууну кантип жөнөтүү же алуу керек:

  • Алуу үчүн: Банктын каалаган бөлүмүнө паспортуңуз менен кайрылып, которуунун көзөмөл номерин (PIN) айтуу жетиштүү;

  • Жөнөтүү үчүн: Банк кызматкерине паспортуңузду көрсөтүп, бара турган өлкөнү жана алуучунун толук маалыматтарын билдирүү зарыл.

Пайдалуу кеңеш: Каражаттарды банк картасында чет өлкө валютасында накталай эмес түрдө сактоону жана пайдаланууну каалайсызбы? Банктын каалаган бөлүмүнөн бир эле учурда 4 валютаны колдогон Optima Visa көп валюталуу картасын дароо ачтырып алсаңыз болот.

Оптима Банк — сиздин ишенимдүү каржылык өнөктөшүңүз!