Бардык жаңылыктар
Отчет, салыкты төлөө жана патенттер — Optima24 колдонмосунда бир терезеде
- Подробности
«Менин салыктарым» кызматында жеке ишкерлер үчүн бирдиктүү салык боюнча отчетту жөнөтүү жана салыкты төлөө, ошондой эле патенттерди онлайн тариздөө, төлөө жана узартуу мүмкүнчүлүгү пайда болду.
Отчет тапшыруу жана дароо төлөө
Колдонуучу бирдиктүү салыктын түрүн тандап, отчетту толтурат, маалыматтарды текшерет жана жөнөтөт. Андан кийин дароо төлөөгө өтөт: сумма жана керектүү реквизиттер алдын ала толтурулган, төлөө эки чыкылдатууда жеткиликтүү. Түзүлгөн жана жөнөтүлгөн бардык отчеттор журналда сакталат. «Кабыл алынды» статусундагы отчеттун деталдарында «Төлөө» баскычы бар.
Бирдиктүү салык боюнча жеткиликтүү отчеттор:
-
Чакан бизнес.
-
Орто жана ири бизнес, лотерея ишмердүүлүгү (КР Салык кодексинин 324-беренеси).
-
Жаңы жайларды сатуу — чакан бизнес.
-
Жаңы жайларды сатуу — орто жана ири бизнес.
