Бардык жаңылыктар

Опубликовано 09 ноября 2026, 17:54

10-ноябрда пландаштырылган техникалык иштер

Урматтуу кардарлар жана өнөктөштөр!

2026-жылдын 10-ноябрында саат 06:00дө пландаштырылган техникалык иштер жүргүзүлөрүн маалымдайбыз.

Буга байланыштуу болжол менен 1 сааттын ичинде (саат 06:00дөн 07:00гө чейин) төмөнкүлөр убактылуу жеткиликсиз болот:

  • Интернет-эквайринг (E-Commerce) сервистери;
  • Өнөктөштөрдүн сайттарында жана интернет-дүкөндөрүндө онлайн-төлөмдөрдү кабыл алуу жана иштеп чыгуу операциялары.

Банктын калган бардык сервистери, Optima24 мобилдик колдонмосу, банкоматтар, POS-терминалдар жана которуулар штаттык режимде иштейт.

Өнөктөштөргө жана кардарларга онлайн эсептешүүлөрдү пландаштырууда бул маалыматты алдын ала эске алууну сунуштайбыз.

Жаралган убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алганыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз!