Бардык жаңылыктар

Опубликовано 03 ноября 2026, 17:55

2026-жылдын 4-ноябрында РФ төлөмдөрдү жүргүзүү жөнүндө

Урматтуу кардарлар!

Эл бирдамдыгы күнүн майрамдоого байланыштуу 2026-жылдын 4-ноябры Россия Федерациясында жумуш эмес майрам күнү деп жарыяланганын маалымдайбыз.

Көрсөтүлгөн күнү Россия Федерациясына Россия рублиндеги (RUB) төлөмдөр аткарылбайт.

2026-жылдын 5-ноябрынан тартып рубль төлөмдөрүн кабыл алуу жана аткаруу демейдеги иш тартибинде кайра улантылат.

Эсептешүүлөрдү пландаштырууда жана төлөм тапшырмаларын жөнөтүүдө бул тартипти алдын ала эске алууңуздарды өтүнөбүз.

Кызматташтыгыңыздар жана түшүнүү менен кабыл алганыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз!