Бардык жаңылыктар

Опубликовано 04 июня 2026, 09:33

Visa Gold жана Visa Platinum карттары боюнча тарифтердеги өзгөрүүлөр

Новость тарифти жанылоо

Урматтуу кардарлар!

«Оптима Банк» ААК жеке жактар үчүн Visa Gold жана Visa Platinum төлөм карттары боюнча тарифтерде 2026-жылдын 18-июнунан тартып күчүнө кирүүчү өзгөрүүлөр жөнүндө маалымдайт.

Өзгөртүүлөр Банктын банкоматтарынан нак акча каражаттарын алуу үчүн комиссияга тиешелүү болот:

Visa Gold

  • акысыз — суткасына 150 000 сомго чейин;
  • суткасына 150 000 сомдон жогору — суммадан 1% комиссия.

Visa Platinum

  • акысыз — суткасына 250 000 сомго чейин;
  • суткасына 250 000 сомдон жогору — суммадан 1% комиссия.

Жаңыланган тарифтер Банктын расмий сайтына кошумча жайгаштырылат.

Карттар боюнча операцияларды пландаштырууда бул маалыматты эске алууну суранабыз.